Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 12-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылган
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1998-жылдын 14-апрели № 50
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-статьянын 19-пунктундагы "жана салыктар" деген сөздөр алынып салынсын.
2. "Бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү" деген 110-статья "Бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын түрлөрү" деп кайрадан аталсын жана ал төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бажы чек арасынан өтүүдө жана ушул Кодексте белгиленген башкаучурларда төмөндөгүдөй төлөмдөр:
- бажы төлөмдөрү:
1) бажы алымы;
2) ушул Кодекстин 44, 54, 59, 75, 88, 145, 159, 162-статьяларында каралган иштердин түрлөрүнө лицензиялар берүү үчүн төлөмдөр;
3) бажы документтерин толтуруу жана аттестаттын колдонулушун улантуу боюнча адистин квалификациялык аттестатын берүү үчүн жыйымдар;
4) бажы документтерин толтуру үчүн бажы жыйымдары;
5) товарларды сактоо үчүн бажы жыйымдары;
6) товарларды бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары;
7) бажы аукциондоруна катышуу үчүн төлөм;
8) мөөнөтү өткөрүлгөн жана кийинкиге калтырылган төлөмдөрдүн проценттери;
9) бажы эрежелерин бузуу үчүн айып төлөмдөр;
- салыктар:
1) салык салынуучу импорттон кошумча наркка салык;
2) импорттолуучу акциз алдындагы товарлардан акциз салыгы төлөнөт.
Ушул статьяда жана салык мыйзамдарында белгиленбеген бажы төлөмдөрүн, жыйымдарын жана салыктарын киргизүү мыйзамсыз болуп саналат".
3. Кодекс төмөнкү мазмундагы 118-1 жана 118-2 статьялары менен толукталсын:
"118-1-статья. КНСти төлөөнүн мөөнөтүн узартуу
1. Салык төлөөчүнүн кат түрүндөгү арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасына импорттолуучу товарлардан КНСти төлөөнүн мөөнөтүн узартууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети төлөмдү күрөө же банк кепилдиги менен камсыз кылган шартта ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык төлөмдүн мөөнөтүн узартууга уруксат бере жана салык төлөөчүдөн салыкты төлөөнүн кат түрүндөгү графикти берүүнү талап кылаалат.
3. Эгерде салыкты төлөөнүн мөөнөтү салык төлөөчү үчүн ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык узартылса, анда:
1) төлөмдү узартуунун мөөнөтүнө карабастан проценттер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык алынат;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим күчүн жоготкондугу жөнүндө жарыялоого жана эгерде:
ушул статьянын 3-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы төлөмдүн мөөнөтүн узартуунун мезгилинин ичинде салык суммасынын калган бөлүгүн төлөбөй коюунун коркунучун тапса, бул жөнүндө салык төлөөчүгө кат түрүндө маалымдайт;
салык төлөөчү ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган шарттар боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, салык алууга токтоосуз киришүүгө укуктуу.
118-2-статья. Акцизди төлөөнүн түрлөрү, усулдары жана мөөнөттөрү
1. Импорттолуучу товарларга акциз салыгын төлөөнүн түрлөрүн, усулдарын жана мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
2. Акцизди төлөөнүн мөөнөтү узартылууга тийиш эмес".
4. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр жана "Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
1998-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
1998-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны
тарабынан жактырылган