Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-июлу № 1
«Бакай-Ата районунун өнүктүрүү» фондусуна долбоорлорду тандоо жөнүндө
Депутаттардын Боо-Терек айылдык аймактык Кенешинин XXXII чакырылышынын XII сессиясы, «Бакай-Ата районун өнүктүрүү» фондусуна сунушталган Элдик жыйындын протоколун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бакай-Ата районун өнүктүрүү» фондусуна Боо-Терек айылындагы «Сүйүн Апа» балдар бакчасына кошумча корпус куруу жөнүндө долбоор жактырылсын жана бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары даярдалып «Бакай-Ата районун өнүктүрүү» фондусуна жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Мамыралиев |