Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-июлу № 2
“Боо-Терек айыл аймагынын 2023-2024-2025-жылдарга карата жергиликтүү
бюджетинин долбоорун кароо” жөнүндө
Боо-Терек айыл аймагынын 2023-2024-2025-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, чыгып талкуулап депутаттардын Боо-Терек айылдык кеңешинин ХХХII-чакырылышынын XIII сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1. Боо-Терек айыл аймагынын 2023-2024-2025-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жактырылсын.
2. Долбоордогу 2023-жылга карата киреше бөлүгү 11736,2 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү 11736,2 миң сом деп белгиленсин.
3. Долбоордогу 2024-жылга карата киреше бөлүгү 11524,2 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү 11524,2 миң сом деп белгиленсин.
4. Долбоордогу 2025-жылга карата киреше бөлүгү 12525,3 миң сом ал эми чыгаша бөлүгү 12525,3 миң сом деп белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Мамыралиев |