Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-июлу № 3
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетине каралган акча каражатынын Турак жай коммуналдык бөлүмүнүн 3112 (Машиналар жана жабдуулар) статьясынан компьютерге каралган 240 000 сом акча каражатын 3112 жана 2215 статьяларына жылдыруу жөнүндө
Депутаттардын Боо-Терек айылдык аймактык Кенешинин XXXII чакырылышынын XIII сессиясы, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Дүйшенкулованын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай коммуналдык бөлүмүнүн 3112 “Машиналар жана жабдуулар” статьясынан компьютерге каралган 240 000(эки жүз кырк миң) сом акча каражатын турак жай жана коммуналдык бөлүмүнө айылдык кеңештин катчысына компьютер алууга 3112 (машиналар жана жабдуула) статьясына 100 000 (бир жүз миң) сом, аппарат бөлүмүнө 140 000( бир жүз кырк миң) сом 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) статьясына жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Мамыралиев |