Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-июлу № 4
Боо-Терек айылында таштандыларды чыгарууга болгон тарифти бектип берүү жөнүндө
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн тазалык боюнча кызматкерлердин сунушун угуп талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагындагы таштандыларды чыгарууда төмөнкүдөй тариф бекитилсин:
Бир түтүнгө бир айда таштандыларды чыгаруу үчүн 30 сом төлөсүн. Бир жылда 360 сом. Тариф 2022-жылдын 1-августунан тартып бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Мамыралиев |