Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-августу № 1
№9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын курулуш иштерин бүтүрүү жөнүндө
№9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын курулуш иштерин бүтүрүү жөнүндө маселени угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуш иштерин аяктоо үчүн, сертификаты бар инженер-сметчик жалданылсын, имаратты толук ишке киргизүү үчүн керектелүүчү каражаттарды аныктоо үчүн смета түзүлсүн. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдын талаптарына ылайык, имараттын бүтпөй калган курулуш иштерине тендер өткөрүлсүн. Курулуш иштерин аяктоо боюнча тез арада иш аракеттер жүргүзүлсүн.
2. Төмөндөгү маселелер боюнча атайын көз карандысыз адистердин (инженер-сметчиктердин) катышуусу менен акты түзүлсүн (факт жүзүндө аткарылган иштердин актысы, кошумча керектелүүчү каражаттар боюнча акт жана смета):
№9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратына бүгүнкү күндө канча курулуш иштери жазалып бүттү жана ага канча акча каражаты коротулду;
Имаратты толук ишке киргизүү үчүн дагы канча акча каражат керектелет.
3. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбеков, “Айдос Кут” курулуш компаниясы, келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбай келе жаткандыгына байланыштуу, “Айдос Кут” фирмасы менен болгон талаш-тартышты сот органдары аркылуу чечүү боюнча иш алып барсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Мамыралиев |