Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-августу № 1
Айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилерди 2022-2023-жылдарга күз-кыш мезгилине карата көмүр отун менен камсыз кылуу жана башка чарбалык иштерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилерди 2022-2023-жылдарга күз-кыш мезгилине карата көмүр отун менен камсыз кылуу жана башка чарбалык иштерге акча каржатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө Р. Дүйшенкулованын маалыматын угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилерди 2022-2023-жылдарга күз-кыш мезгилине карата көмүр отун менен камсыз кылуу жана башка чарбалык иштерге 2021-жылдын чыгашадан ашкан кирешенин 3111-статьясына бөлүнгөн Н. Молдалиев атындагы балдар бакчасынын жыйындар залы жана ашканасынын өздүк салымына каралган 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга жылдырылсын:
- Билим берүү бөлүмүнүн 3112 статьясына Б. Сатыбеков атындагы орто мектебине генератор 40 000 (кырк миң) сом;
- Билим берүү бөлүмүнүн 2224 статьясына Б. Сатыбеков атындагы орто мектебине 30 000(отуз миң) сом акча каражаты жана Д. Дүйшөбаев атындагы орто мектебине 230 000 (эки жүз отуз миң) сом акча каржаттарын көмүр отундарын алууга жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Дуйшенкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Мамыралиев |