Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-августу № 2
“ Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы» аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.
2. Талас областынын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Боо-Терек айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3. Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго жана Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А. Алымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | А. Мамыралиев |