Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-августу № 3
Боо-Терек айыл аймагындагы айыл чарбасынын мамлекеттик фондусунун жерлерин аукционго коюу максатында жарыя берүү жөнүндө
Айыл аймагында жайгашкан айыл чарбасынын мамлекеттик фондусунун жерлерин аукционго коюу максатында жана жарыя берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тойчубековдун маалыматын угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын №935 контурдагы айыл чарбасынын мамлекеттик фондусунун жерлеринин 87,7 га жер аянты күздүк буудай эгүүчүлөр үчүн, 1 жылдык мөөнөт менен аукционго коюуга жарыяга берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кубанычбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Мамыралиев |