Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-августу № 4
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн Д. Дүйшөбаев атындагы орто мектебине жаңы имарат курулуп бүткөндүгүнө байланыштуу 1-сентябрь күнүн ачылышына акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жөнүндө
Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII-чакырылышынын XV-сессиясы 2022-жылдын бюджетинен бөлүгүнүн аппарат бөлүмүнөн социалдык камсыздоо бөлүмүнө 2215(дагы башка кызмат алуу)статьясына 50000(элүү миң) сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө маселени карап чыгып талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджеттен аппарат бөлүмүнөн социалдык камсыздоо бөлүмүнө 2215(дагы башка кызмат алуу)статьясына 50000(элүү миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы КЭБ башчысы Р. Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Мамыралиев |