Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-сентябры № 2
Айыл өкмөтүнүн балансындагы КАМАЗ автоунаасы менен Беларусь экскаватордун башкаруу механизмин, "Жайыт" комитетинен алып, Айыл өкмөтүнүн башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн балансындагы КАМАЗ автоунаасы менен Беларусь экскаватордун башкаруу механизмин, "Жайыт" комитетинен алып, Айыл өкмөтүнүн башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча У. Буланбековдун маалыматтарын угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн балансындагы КАМАЗ автоунаасы менен Беларусь экскаватордун башкаруу механизми, "Жайыт" комитетинен алынып, Айыл өкмөтүнүн башкаруусуна өткөрүп алынсын.
2. Камаз автоунаасы менен Беларусь экскаваторун, механизаторлорго иштетүүгө берүү келишимдери жана кызмат кылуу тарифтери дайындалып айылдык кеңештин кароосуна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жага Боо-Терек айыл өкмөтүнүң башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Мамыралиев |