Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-сентябры № 3
Боо-Терек айыл аймагында иттерди багуу эрежелери жөнүндө
Иттерди багуу эрежелерин талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагында иттерди багуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин. Эрежелер боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана Кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлсүн. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бул эрежелерди көрүнүктүү жерлерге жарыялоону камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 124-беренесинин талаптары аткарууга алынсын жана ар дайым көзөмөлдөнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Мамыралиев |
Боо-Терек айылдык кеңешинин
2022-жылдын 22-сентябрындагы
№3 токтому менен бекитилди
Боо-Терек айылында ит багуу эрежелери
Төмөндө белгиленген тартип иттердин ээлерине аткарууга тийиш:
1. Жыл сайын 1 декабрьга чейин иттерди ветеринарга алып барып кутурма ооруусуна каршы эмдетүү;
2. 1 жылда төрт жолудан кем эмес эхинококкоз оорусуна каршы даарылоо иштерин жүргүзүү жана аны ветеринардын тасыктамасы менен далилдөө.
3. Боо-Терек айыл өкмөтү тарабынан эмдөө жана дарылоо иштери уюштурулат. Эмдөө жана даарылоо иштери үчүн, тарифтердин негизинде, ит ээлери тарабынан акы төлөнөт. Акы төлөөдөн, эмдөөдөн жана даарылоодон баш тарткан жарандар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 124-беренесинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4. Иттерди короодон чыгарбай багуу, жана көчөгө алып чыгууда ар дайым жип менен байлап алып жүрүү;
5. Короо ичинде иттерди катуу чынжыр менен байлап багуу жана алардын бошонуп кетүү коркунучун жокко чыгаруу;
6. Ит багууда кыйынчылык жаралса айыл өкмөтүнө билдирүү жазып, ит атарларга аттыруу;
7. Эгерде жогоруда белгиленген тартиптер ит багуучулар тарабынан аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык чаралар колдонулсун.