Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-октябры № 2
“Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна долбоорлорду тандоо жөнүндө
“Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна сунушталган долбоор боюнча, №41 Кесиптик лицейдин жааматынын жыйынынын протоколун карап чыгып, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна Боо-Терек айылындагы №41 кесиптик лицейдин аймагын курчоо жана дарбаза куруу жөнүндө долбоор жактырылсын жана бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары №41 кесиптик лицейдин жааматы тарабынан даярдалып, “Бакай-Ата районун өнүктүрүү” фондусуна жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Мамыралиев |