Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022- жылдын 3-майы № 28-9/ 36
Нылды айылынын жаңы курулган мектебинин имаратын эмеректер
менен камсыз кылуу жөнүндө
Кайыңды айыл аймагына караштуу Нылды айылынын 2022-жылдын 29- апрелиндеги № 06 сандуу жалпы жыйынын чечиминин негизинде токтом кылат:
1. Нылды айылына жаңы курулган мектебинин имаратын эмеректер менен камсыз кылуу боюнча айыл элинин чогулушунун сунушу колдоого алынсын.
2. Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан Нылды айылына жаңы курулган мектебин эмеректер менен камсыз кылууга 1985,0 миң сом акча каражаты суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.
Төрага | У. Кенжегараева |