Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-декабры №832
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого
инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
2008-жылдын 10-июнундагы № 282)
Ысыккөл облусун андан ары өнүктүрүү, алыскы магистралдык аба
кемелерин кабыл алууну камсыз кылуучу дењгээлге жеткирүү менен "Ысык-
Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестицияларды тартуу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети инвестордун төмөндөгүдөй негизги шарттарды
сактоосу менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого
инвестициялык конкурсту белгиленген тартипте өткөрсүн:
- биринчи жылдын ичинде:
азыркы учуп-конуучу жолуна, аны 1800 метрге узартуу менен
реконструкциялоо жүргүзүү, ТУ-154 тибиндеги жана аларга окшош 6 дан
кем эмес аба кемелери бир учурда туруучу рулеждик жолду куруу жана
перронду кењейтүү;
аэропорттун аймагын тосууну камсыз кылуу;
- алгачкы эки жылдын ичинде:
бир саатта 400дөн кем эмес жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу
бардык зарыл инфраструктуралык жүргүнчүлөр терминалын (аэровокзалды)
куруу;
ИКАО I категориясы боюнча зарыл аэронавигациялык жана жарык
берүүчү жабдууларды жеткирүүнү жана монтаждоону уюштуруу;
аэропорттун электр менен камсыз кылуучу жана жарык берүүчү зарыл
жабдууларын жеткирүүнү жана монтаждоону уюштуруу;
Ысыккөл регионунун курчап турган чөйрөсүн коргоону камсыз кылуучу
тиешелүү кубаттуулуктагы жана сапаттагы тазалоочу курулмаларды куруу;
- алгачкы үч жылдын ичинде:
аэропорттун аймагында селден коргоочу курулмаларды курууну камсыз
кылуу;
400 рац/суткадан кем эмес кубаттуулуктагы бортту азыктандыруучу
цехти ишке киргизүүнү камсыз кылуу;
- алгачкы төрт жылдын ичинде:
30 тонна/суткадан кем эмес кубаттуулуктагы жүк терминалын ишке
киргизүүнү камсыз кылуу;
- бешинчи жылы:
аэропорттун толук иштешин жана жүк менен толтурууну камсыз кылуу,
эл аралык авиа, туристтик жана соода компаниялары менен
макулдашууларга кол коюу;
- беш жылдын ичинде:
эл аралык жарандык авиациянын нормаларына жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүк ташуучу жана жүргүнчүлөр
агымынын алыскы магистралдык аба кемелерин кабыл алуу жана тейлөө үчүн
эл аралык класстагы аэропорттун дењгээлине жеткирүү менен "Ысык-Көл"
эл аралык аэропортун реконструкциялоо боюнча долбоорду толук ишке
ашырууну камсыз кылуу;
Ысыккөл облусунун бюджетине анын кирешесине карабастан
инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экологияны коргоого бир миллион АКШ
долларынан кем эмес киргизилсин;
- долбоорду ишке ашыруунун ичинде:
аэропорттун ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу башка зарыл курулмалардын
курулушун камсыз кылуу;
жергиликтүү, ошондой эле трансконтиненталдык аба жолдорунда
тейлөөнү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну камсыз кылуучу
авиациялык учуучу-техникалык отрядды түзүү;
түзүлгөн объектилерди тейлөө үчүн жергиликтүү калктын ичинен зарыл
тейлөөчү персоналдарды, авиатехниктерди жана башка кесиптеги адистерди
даярдоо боюнча окуу борборлорун түзүү;
эл аралык стандарттарга ылайык эл аралык авиакопаниялар үчүн
жогорку сапатта авиакаттамдарды тейлөнү, аба кемелерине май куюуну,
товарларды кайра жүктөө, жүктөрдү портто сактоо жана башка кызматтарды
уюштуруу;
- инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандык подрядчы
уюмдарын тартуу;
- аэропортту реконструкциялоо жана аны иштетүү боюнча иштерди
жүргүзүүдө бардык жумушчу орундарынын 90 процентинен кем эмес
көлөмүндө жергиликтүү жумушчуларды жана адистерди тартуу;
- Кыргызстандын курулуш индустриясында чыгарылган курулуш
материалдарын пайдалануу, ошондой эле зарыл учурда соњку технологиянын
жана жергиликтүү сырьелук запастардын негизинде өздүк курулуш
материалдарынын жана жабдууларынын жогорку технологиялык өндүрүшүн
түзүү;
- долбоорду ишке ашыруунун жана аэропорттун ишмердүүлүгүнүн бүткүл
процессинде "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун аймагында иштеген
чегара, бажы кызматтарынын кызматкерлерин, ички иштер органдарынын
кызматкерлерин зарыл жайлар жана техникалык инветарларь менен камсыз
кылуу;
- аэропортгу реконструкциялоо жана аны иштетүү боюнча жумуштарды
жүргүзүүдө экологиялык нормаларды жана жерди пайдалануу эрежесин
сактоо;
- аэропортту иштетүүдө Ысыккөл акваториясына күйүүчү жана зыяндуу
заттардын ташталышын болтурбоо;
- жаш адистерге "көтөрмөлөөчү" төлөмдөрдү камсыз кылуу жана
адистердин үй-бүлөлөрү үчүн убактылуу, ошондой эле туруктуу жашоо
үчүн, анын ичинде турак-жай сатып алууга берилүүчү кредиттердин
эсебинен зарыл шарттарды түзүү;
- аэропорту реконструкциялоо боюнча иштер бүткөрүлгөндөн кийин үч
жылдын аралыгында эл аралык стандарттардын дењгээлинде аба кемелерине
жана аэропорттун ишмердүүлүгүнө экология боюнча талаптардын
аткарылышын камсыз кылуу;
- инвестициялык конкурска катышууга арызы менен чогуу конкурска
катышкан компания жөнүндө маалымат, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун
реконструкциялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу программасын,
компаниянын финансылык туруктуулугу боюнча банктын "А" классындагы
тастыктоосун берүү.
2. "Каракол" эркин экономикалык зонаcыннын башкы дирекциясы
Тамчы айылынын чыгыш жагындагы №2 участогунун аймагындагы жана "Ысык-Көл"
эл аралык аэропортунун чыгыш тарабында 12-15 километр аралыкта жайгашкан
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын курамына кирүүчү, аянты 136,5
га жер участогун белгиленген тартипте инвесторго (конкурстун жењичүүсүнө)
берсин.
(КР 2008-жылдын 10-июнундагы № 282мыйзамына ылайык
3. Бул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участогу "Айыл чарба
багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш,
коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
4. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы инвестор
(конкурстун жењүүчүсү) тарабынан "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык
эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн
жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин
бекитүү жөнүндө" 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен
белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын
жана алынбай калган пайданын ордун толтурулушун камсыздасын.
5. Инвестор ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участогун алган
учурдан тартып беш жылдын аралыгында Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын нормаларын сактоо менен жыл бою иштеп туруучу жана
тиешелүү тазалоочу курулмалары бар тийиштүү оюн-зоок туристтик жана
курорттук сервистин объекттерин курууга жана ишке киргизүүгө милдеттүү
экени белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин алдындагы Жарандык авиация департаменти жана "Манас" эл
аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен бирдикте инвестициялык
конкурс өткөрүүгө белгиленген тартипте даярдык иштерин жүргүзсүн;
- эки жумалык мөөнөттө конкурстук комиссиянын курамы (Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык
акционердик коомунун, Ысыккөл облусунун жана районунун мамлекеттик
администрациясынын өкүлдөрүн ага киргизүү менен) жана инвестициялык
конкурс өткөрүү мөөнөтү боюнча сунуштарды киргизсин.
- эки жумалык мөөнөттө Инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө
жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетинин инвестициялык конкурсту даярдоо жана өткөрүү
боюнча чыгымдары Конкурс өткөрүү жөнүндө жободо аныкталган өлчөмдө
конкурска арыз берүүчүлөрдүн эсебинен толтурулаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети конкурстун жењүүчүсү жарыялангандан кийин бир
айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу боюнча
графикти (милдеттерди) аткарбагандыгы жанаУже тийиштүү эмес
аткаргандыгы үчүн макулдашууну бузууга чейинки жоопкерчиликти аныктоо
менен иштерди аткаруу (милдеттүү шарттар жана сунуштар),
инвестицияларды чегерүү, конкурстун жењүүчүсү тарабынан жабдууларды
жеткирүү жана монтаждоо графигин бекитсин.
Мында чегерилген каражаттар, коюлган, орнотулган жабдуулар,
ошондой эле тургузулган имараттар жана курулмалар, анын ичинде ушул
токтомдун 5-пунктунда аталгандар кайтарып берилүүгө (компенсаяланууга)
жатпайт.
9. "Тамчы айылындагы "Ысыккөл" эл аралык аэропортун
реконструкциялоого инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 120
токтом күчүн жоготту деп табылсын.
10. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жана курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов