Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-майы, № 28- 10 / 39
Сугат сууну максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жөнүндө
Арал АВПнын жетекчиси У.Алымбаевдин кайрылуусунун негизинде токтом кылат:
1. Арал,Чеч-Дөбө айылдарынын дыйкандарга бөлүнгөн сугат сууну пайдалануу боюнча түзүлгөн графикти бузуугандарга төмөндөгүдөй чара көрүлсүн:
-биринчи жолу уруксатсыз сугат сууну пайдалангандыгы үчүн айып пул катары- 500 сом ;
- экинчи жолу уруксатсыз сугат сууну пайдалангандыгы үчүн айып пул катары - 1000 сом ;
- үчүнчү жолу уруксатсыз сугат сууну пайдалангандыгы үчүн айып пулкатары - 1500 сом ;
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү АВПнын жетекчиси У.Алымбаевке тапшырылсын.
Төрага | У. Кенжегараева |