Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-майы, № 28-10/40
Дыйкандардын эккен эгиндерине зыян келтирген мал
башына айып пул чегерүү жөнүндө
Кайыңды айыл аймагы боюнча дыйкандар ээкен эгиндерине мал түшүп, бир топ зыян келтирип жаткандыгы боюнча айылдык кеңешине келип түшкөн кайрылуулардын негизинде токтом кылат:
1. Кайыңды айыл аймагы боюнча дыйкандардын эккен эгиндерине зыян келтирген мал башына төмөндөгү өлчөмдө айып пул салынсын:
- Ири кара мал башына 1000 сом;
- Ири кара малдын бир жашка чейинки мал башына 500 сом:
- Кой, эчкинин бир башына 50 сом.
Ал эми эгинге кайталап зыян келтирген мал башына төмөндөгү өлчөмдө айып пул салынсын:
- Ири кара мал башына 1500 сом;
- Ири кара малдын бир жашка чейинки мал башына 1000 сом:
- Кой, эчкинин бир башына 50 сом.
Төрага | У. Кенжегараева |