Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-майы № 28- 10/46
Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине
эгин оруучу комбайн жана сепкич сатып алуу үчүн
жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражатын
бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл аймагы боюнча дыйкандардын эккен дан эгиндерин оруп жыюу учурунда комбайн жок болгондуктан проблема жаралып, айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-марты, № 27 –36/ 166 сандуу токтому менен 3,0 млн сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилген, бирок бөлунгөн акча каражаты жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу токтом кылат:
1. Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине эгин оруучу комбайн жана сепкичин сатып алуу үчүн 200,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 706 - разделдин 2215-ст. 706-разделдин 3112 –ст. жылдырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.
Төрага | У. Кенжегараева |