Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-сентябры № 28-12/60
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Дуйшобаев Бектеналы Бошкоевичтин эмгек жолунда жасаган эмгектери бааланып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Ардак грамотасы” , “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин отличниги” төш белгиси, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Ардак грамотасы” алган сыйлыктарын эске алуу менен Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы К.К.Узенбековдун сунушутамасынын негизинде токтом кылат:
1. Дүйшобаев Бектеналы Бошкоевичке “Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.
Төрага | У. Кенжегараева |