Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
2022-жылдын 19-майы № 17
Бел-Алды айыл аймагындагы Кишен Талаа жер тилкесинин айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жеринен № 1207,1208,1210 контурдагы 46,4 га жер аянтын турак жай курууга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Айыл тургундарынын арыз жана кайрылууларынын негизинде башкы адис Ч.Сманбековдун сунушун угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл аймагындагы Кишен Талаа жер тилкесинин айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жеринен № 1207,1208,1210 контурдагы 46,4 га жер аянты турак жай куруу үчүн которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Бел-Алды айыл аймагындагы Кишен Талаа жер тилкесинин айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жеринен № 1207,1208,1210 контурдагы 46,4 га жер аянтын турак жай курууга которуу үчүн тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл тургундарынын муктаждыгын чечүү үчүн иштелип чыккан программа бекитилсин.
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А. Асанов |