Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 12-декабры № 844
Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Тигүү тармагынын ишкерлери чыгарган өнөр жайлык өндүрүштүн көлөмүнүн статистикалык эсебин өркүндөтүү, тигүү өнөр жайында патенттик системаны активдештирүү боюнча чараларды көрүү жана аны андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жана Кыргыз Республикасынын "Легпром" ассоциациясы менен бирдикте төлөнбөгөн иштетип алма чийки заттан жана материалдан тигүү продукцияларын чыгаруу көлөмүн эсептөө ыкмасын иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети ар бир квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-числосуна чейин статистиканын аймактык органдарына облустар жана райондорго карата экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча жабдуулардын санын жана жалданма жумушчулардын санын көрсөтүү менен өнөр жайлык продукцияны чыгарууга берилген патенттердин саны жөнүндө маалыматтарды берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракет жүргүзүүчү жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтому менен бекитилген Патенттик негизде жүргүзүлүүчү ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөө жана патенттерди берүү тартибинин 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Тигүү өнөр жайынын жалданма жумушчуларына патент эки түрдө фамилиясы жазылып ар бир жумушчуга өзүнчө же ишкердин колу менен ар бир жумушчунун фамилиясын, атын, атасынын атын, анын НИИ, паспортунун номерин, берүү датасын, ким бергенин көрсөтүү менен сунуш кылынган жумушчулардын тизмесин көрсөтүү аркылуу бардык жумушчуларга бир патент (2 нускада) берилсин".
4. Кыргыз Республикасынын "Легпром" ассоциациясына квартал сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин дарегине расмий статистикалык отчеттуулуктун бланктарында облустар жана райондорго карата тигүү продукциясын чыгаруу боюнча отчеттук маалыматтарды берип туруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2007-жылы башталгыч кесиптик окуу жайларынын системасы аркылуу тигүү жана текстиль тармактарынын кадрларын даярдоонун санын көбөйтүүнү республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде карасын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тигүү жана текстиль багыттарында жогорку билимдүү кадрларды даярдоо программасына кийимди автоматташтырылган долбоорлоо системасын үйрөнүүнү киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |