КҮЧҮН ЖОГОТТУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-февралындагы №67
токтомунун негизинде) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-декабры № 847 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы №490 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын структурасыжөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: - 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдыкжана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын ВИЧ/СПИД тармагында координация-лоо жана мониторинг боюнча секторунда сектор башчысынын, 2 эксперттинжана 1 референттин курамындагы 4 штаттык бирдик боло тургандыгы белги-ленсин; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдыкжана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын Жогорку патогендүү канаттуулартумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планы-нын координациялоо, мониторингдөө жана баалоо боюнча секретариатындажооптуу секретардын, 2 эксперттин жана 1 референттин курамындагы 4штаттык бирдик боло тургандыгы белгиленсин. Көрсөтүлгөн штаттык бирдиктер эл аралык уюмдардын каражаттарынынэсебинен кармалат."; - токтомдун тиркемесинин 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы позицияменен толукталсын: "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнчаКыргыз Республикасынын улуттук планынын координациялоо, мониторингдөөжана баалоо боюнча секретариат.". 2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты өзүнүн нор-мативдик укуктук" актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин. Премьер-министри Ф.Кулов