Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-декабры № 851
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас-
мий өкүлү болуп дайындалсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58
токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Акционердик коомдор жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
1-статья.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2003-ж., N 6,
240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 38-статьяда:
- 1-пунктунун 18-пунктчасындагы "коомдун жылдык отчетторун, бух-
галтердик баланстарын, киреше жана чыгаша эсептерин бекитүү, анын кире-
ше менен чыгашаларын бөлүштүрүү" деген сөздөр "акционердик коомдун жыл-
дык бюджетин, коомдун жылдык отчетторун, баланстарын, киреше жана чыга-
ша эсептерин бекитүү, анын киреше менен чыгашаларын бөлүштүрүү" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун экинчи абзацы "бекитет" деген сөздөн мурда "жылдык
бюджетти" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 55-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы "бир жылдык мөөнөт
менен" деген сөздөр "үч жылдык мөөнөт менен" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын.
3. 65-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "жана директорлор
кењешинин мүчөлөрүнө" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти