Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-декабры №855 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарында шаар транспортунун ишин өркүндөтүү жөнүндө Бишкек шаарында транспорттук тейлөөнү андан ары өркүндөтүү жанатартипке келтирүү, ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган"Шаар транспорту" долбоорунун консультанттары иштеп чыккан сунуштардыжүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте белгиленгентартипте төмөнкү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө киргизсин: - жүргүнчүлөрдү жењил транспорт менен ташууга, жүк тартуучу жанаатайын транспорт менен ишке ашырылуучу ташууга лицензиялоону киргизүүжөнүндө; - "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынбелгиленүүчү тарифтерди макулдашуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-ноябрындагы №630 «Шаардык жүргүнчүлөр транспортунун ишин өркүндөтүү жөнүндө»токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 3-пункттун биринчи абзацындагы "Бишкек шаарынын мэриясы" дегенсөздөр алып салынсын; - 3-пункттун "б" пунктчасы "ачык тендерлер" деген сөздөрдөн кийин"Бишкек шаары боюнча аталган ыйгарым укук Бишкек шаарынын мзриясынакараштуу Шаардык транспорт департаментине берилсин жана Бишкекшаарынын мэриясына караштуу Шаардык транспорт департаментининкызматчыларынын штаттык санынын жана чыгашалар сметасынын алкагындаакы алынуучу франшиздердин эсебинен каржылоо булагы аныкталсын" дегенсөздөр менен толукталсын; - "Шаар транспорту долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердинпланы" деген II бөлүмдүн 1 жана 2-пункттарындагы "Бишкек" деген сөзалып салынсын. 3. Бишкек шаарынын мзриясы бирин-бири кайталоочу маршруттардыболтурбоо максатында маршруттук тармактарды оптималдаштырсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жанакоммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов