Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-декабры №856 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Эс алуу базасын куруу үчүн берилген Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кењешинин жерин «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 33-статьясынажана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттикадминистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышканмаселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-майындагы №223-6 буйругу менен бекитилген Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы мамлекеттик менчикте турган жеручастокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнчакомиссиянын заседаниесинин 2005-жылдын 11-мартындагы № 5протоколуна ылайык эс алуу базасын куруу үчүн берилгенКыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагыБостери айылдык кењешинин 6,0 га жерин «Токой фондунунжерлери» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштыкаймактардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө сунушукабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттикадминистрациясы: - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер берилген адамтарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленгентартипте токой жерлерин токойлуу эмес жерлерге алып коюугабайланыштуу токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынынсуммасынын төлөнүшүн камсыз кылсын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүүөзгөртүүлөрдү киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жайкомплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов