Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-декабры № 858
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги
№ 165 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун илимий-изилдөө уюм-
дарынын иш-аракетин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды
өркүндөтүү, ошондой эле коллегиялуулук, ачык-айкындуулук принцибинде
илимий мекемелердин жетекчилерине ачык шайлоолорду өткөрүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караш-
туу Улуттук онкология борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология
борборунун Уставына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Борборду башкаруу" деген V бөлүмүндө:
16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16. Борбордун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим
жана маданият министрлиги 1997-жылдын 23-июнунда бекиткен Кыргыз Рес-
публикасынын илимий мекемелеринин жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө
жобого ылайык кењейтилген окумуштуулар кењеши тарабынан шайланат.
Шайлоонун жол-жобосуна байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Са-
ламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тарабынан ишке ашырылат.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов