Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 15-декабры № 859
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Ташиев
тарабынан демилге көтөрүлгөн "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берил-
син.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
2006-жылдын 15-декабры № 17-3/236
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.К.Ташиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Лотереялар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясын жетекчиликке алуу ме-
нен аны кабыл алуу төмөнкүдөй сын-пикирлерди эске алуу менен мүмкүн деп
эсептейт:
1-статья боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- экинчи бөлүктүн экинчи сүйлөмүндө "берүү" деген сөз "берилген
учурдан тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Лотереяны стимулдоону уюштуруучу жеке ишкер, ошондой эле юридика-
лык жак катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип-
те катталган жеке жак катары чыга алат.";
- алтынчы бөлүктө "натура" деген сөз "натуралай формада" деген
сөзгө алмаштырылсын;
- он үчүнчү бөлүктө "лотереянын катышуучулары" деген сөздөр "лоте-
реянын катышуучулары болууну каалаган жактар" деген сөзгө алмаштырыл-
сын, "же лотереянын оператору" деген сөздөр алып салынсын, анткени мый-
зам долбоорунда "лотереянын оператору" деген түшүнүк аныктамасы жок.
- он төртүнчү бөлүктө "сатуу наркы (берүү баасы)" деген сөздөр
"лотереянын катышуучулары болгон жактарга лотереянын шарттарында
көрсөтүлгөн баа боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Берүү баасы" деген сөздү алып салуунун зарылдыгы төмөнкүдө турат.
Мыйзам долбоорунун 19-статьясына ылайык: "Лотереялык иш-аракетти
жүргүзүү укугу үчүн акы төлөөчүлөр лотереялардын уюштуруучулары болуп
саналат". Лотереянын уюштуруучусу лотереялык билеттерди таратуучуларга
лотереялык билеттерди мисалы, ар бир лотереялык билет үчүн 15 сомдон
берет. Өз кезегинде лотереялык билеттерди таратуучулардын берүү (акыр-
кы) баасы базарда 20 сомду түзөт. Ушуга байланыштуу лотереянын уюштуру-
учулары милдеттүү төлөмдү "берилген" 15 сомдон деп билдириши мүмкүн,
бул сөзсүз түрдө мамлекеттин бюджетине каражаттардын кем түшүшүнө алып
келет.
- он алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Атайын эсеп -
лотереяларды уюштуруучулардын акча каражатынын бөлүгүн депонирлөө үчүн
арналган (лотереяларды стимулдоочу уюштуруучуларды кошпогондо) ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган эсеп, ал республикалык
бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөгөн учурда айрым гарантия болуп са-
налат.".
2-статья боюнча:
- 3-пунктта "Интерактивдик лотерея - электрондук лотерея" деген
сөздөр "Электрондук лотерея деген түшүнүккө лотерея дал келет" деген
сөздөргө алмаштырылсын, "электрондук почта" деген сөздөрдөн кийин "че-
кит" деген белги коюлсун, "мында" деген сөз "Мында" деген сөзгө алмаш-
тырылсын;
- 4-пунктта "интерактивдик" деген сөз "электрондук" деген сөзгө
алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Стимулдоочу лотерея - жарнамалык же башка максаттарда лотерея-
нын уюштуруучусу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Буга катышууда атайын
билетти сатып алуу же болбосо кошумча акы төлөө талап кылынбайт.";
- 6-пунктта "жана маркетингдик иш-аракеттердин түрлөрүнүн бири бо-
луп саналат" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттун биринчи абзацында "дароо" деген сөз "көз ирмемде (ти-
ражсыз) деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Стимулдоочу лотереяга катышуу үчүн акы өзүнчө алынбайт жана саты-
луучу товарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу түрүндө (формасында)
көрүнөт.".
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент
эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү сатууга, алардын маалымат орду, стимулдоочу лотереяларды
өткөрүүнүн тиешелүү шарты болсо, төмөнкүдөй шарттарда жол берилет:
- стимулдоочу лотереянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын айма-
ганда иш-аракет үчүн лотерея өткөрүүнүн аныкталган (дайындалган) шарт-
тарын, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген
лотерея өткөрүү укугуна уруксат алганда. Стимулдоочу лотереянын уюшту-
руучусу Кыргыз Республикасынын резиденти гана болуп чыга алат. Кыргыз
Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери та-
рабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү са-
туу Кыргыз Республикасынын аймагында стимулдоочу лотереяларды өткөрүү
шарттарына карата тийиштүү маалыматты камтууга тийиш. Башка учурларда
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эмес-
тери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү сатууга, алардын маалымат орду, стимулдоочу лотереяларды
өткөрүүнүн шарттарына дал келүүчү маалыматы болсо да тыюу салынат;
- стимулдоочу лотереянын уюштуруучусу мурда түзгөн байге фондунун
үлүшүн (квотасын) аныктоодо утуш Кыргыз Республикасынын аймаганда
жүргүзүлөт. Стимулдоочу лотереянын байге фонду Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн кеминде 1000 өлчөмүн
түзүүгө тийиш.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы №
437 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында лотереяларды
өткөрүү жөнүндө жобонун 97-пунктуна жана "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорунун 19-статьясынын 4-пунктуна ылайык ло-
тереялык иш жүргүзүү укугу үчүн акы лотереянын аймактык таандыктыгына
карабастан лотереянын уюштуруучулары тарабынан республикалык бюджетке
чегерилет.
3-статья боюнча:
- 2-пунктта "дене тарбия жана спорт" деген сөздөр "билим берүү,
дене тарбия жана спорт, саламаттык сактоо, маданият, илим, калкты соци-
алдык коргоо, айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, башка
республикалык программалар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин
буйругу менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги №
188 "Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорду жана мам-
лекеттик ишканаларды башкаруу системасын өркүндөтүүнүн айрым маселелери
жөнүндө" Жарлыгына ылайык мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кыз-
матына талапкерлер республиканын министрликтери сунуш кылган адамдардын
арасынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети тарабынан тандалат жана Кыргыз Республикасынын Прези-
денти менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан дайындалат.
9-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдү "ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз,
анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жа-
на отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик лотереялык иш-аракет
чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
болуп саналат.
5-статьянын 2-пунктунун бешинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын
лотереясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында лотереялар" деген
сөздөргө алмаштырылсын.
6-статья боюнча:
- 2-пунктта "колдонуудагы Жобо менен" деген сөздөр "ушул Мыйзам
менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- лотереялык билеттерди коргоо даражаларынын сүрөттөлүшү";
"- лотерея уюштуруучунун жана лотереялык процессти (лотереяны
тейлөөчү полиграфиялык ишкана, жарнамалык фирма ж.б.у.с.) уюштуруунун
жана өткөрүүнүн негизги катышуучуларынын ортосундагы келишим же макул-
дашуу";
"- жеке ишкер катарында (стимулдоочу лотереяларды уюштуруучулар
үчүн) жеке жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсү,
көрсөтүлгөн толуктоолорду киргизүү товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү
өндүрүү жеке жактар тарабынан уюштурулушу мүмкүн экендиги менен байла-
нышкан;
- 15-пункт алып салынсын, анткени ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ган лотереяны уюштуруучунун финансылык-чарбалык иш-аракеттери жөнүндө
кабардар болушу керек;
- 16-пункттун үчүнчү абзацында "жана тибин" деген сөздөр алып са-
лынсын, анткени мыйзам долбоорунда лотереялардын типтери аныкталган
эмес;
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Лотереянын шарттарына, анын ичинде лотереялык билеттердин сырткы
түрүнө толуктоолорду же болбосо өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим
кабыл алынган учурдан тартып лотереянын уюштуруучусу 5 күндүк мөөнөттө
жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүүгө мил-
деттүү.".
Көрсөтүлгөн толуктоону киргизүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган
лотереялык иш-аракетке байланыштуу окуялар жөнүндө маалымдар болууга
тийиш экендиги менен байланышкан.
- 19 жана 21-пункттарда "Уюм - арыз берүүчү" деген сөздөр "Лотере-
янын уюштуруучусу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункттун үчүнчү абзацында "жана дивиденддер" деген сөздөр
алып салынсын, анткени "дивиденддер" деген түшүнүк лотереялык иш-ара-
кеттерге айкалышпайт. Өзгөчө мааниси жоктугунан төртүнчү абзацты алып
салууну сунуш кылабыз.
- 20-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;
- 22-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- лотереянын аталышы жана түрү.";
- 22-пункттун сегизинчи абзацы "тираж" деген сөздөн кийин "(утуш)"
деген сөз менен толукталсын.
9-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацында "жазма көрсөтмөлөр, буй-
руктар" деген сөздөрдү "жазма көрсөтмө, буйрук" деген сөздөргө алмашты-
руу керек, анткени көрсөтүлгөн сөздөр көпчүлүк санда мыйзам долбоорунун
10-статьясына дал келет деп эсептейбиз.
11-статьянын 1-пунктунда "ушул Жобо" деген сөздөр "бул Мыйзамдын
ушул статьясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 12-статьянын 3-пунктунда "Жобо менен" деген сөз "Мыйзам менен"
деген сөзгө алмаштырылсын.
13-статья боюнча:
3-пунктта "уюштуруучулар" деген сөз "лотереянын уюштуруучулары"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Лотереялык билеттерди жок кылуу жөнүндө актыга кол коюучу комис-
сиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү кирүүгө ти-
йиш.".
16-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы алып салынсын. Кыргыз
Республикасынын Жарандык кодексинин 992-статьясынын 3-пунктуна ылайык
лотерея өткөрүүнүн шарттарына жараша утулуучу деп таанылган адамдарга
лотереянын уюштуруучусу тарабынан лотерея өткөрүү шарттарында каралган
өлчөмдө, формада (акчалай же натуралай) жана мөөнөттө утуш төлөнүп бе-
рилүүгө, эгерде бул шарттарда мөөнөт көрсөтүлбөсө - оюндардын жыйынтык-
тары аныкталган учурдан тартып 10 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө ти-
йиш.
17-статьянын 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктал-
сын:
"Ушул пункттун нормасы бул Мыйзамдын 13-статьясынын 4-пунктунда
каралган лотереялык билеттерди утилдештирүүгө (жок кылууга) жайылтыл-
байт.".
18-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Лотерея боюнча отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай
сайын, отчеттон кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берилет.".
Практикада отчет берүүнүн конкреттүү мөөнөттөрүн киргизүү дайыма
орун алып келген.
19-статьянын 2-пунктунда:
- "киреше" деген сөз "өткөрүүдөн түшкөн пайда" деген сөздөргө ал-
маштырылсын.
- "дене тарбия жана спортту максаттуу каржылоо үчүн" деген сөздөр
алып салынсын.
20-статья боюнча:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен то-
лукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лотереяны уюштуруучу-
да байге фондунун көлөмүнө карата минималдуу талаптарга дал келбөө
аныкталган учурда дал келбөө айырмасы республикалык бюджетке алынып ко-
юлууга (төлөнүүгө) тийиш". Бул норма лотереяны уюштуруучулардын жооп-
керчилигин жана кыраакылыгын күчөтүүгө багытталган, анткени көпчүлүк
учурларда лотереяларды уюштуруучулар бул нормативди аткарышпайт.
- 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- стимулдоочу лотереяларга байге фондунун өлчөмүн байге компания-
сынын пландарына ылайык, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000 өлчөмүнөн
кем эмес түрдө лотереянын уюштуруучусу аныктайт. Башка учурда ушундай
лотереяны уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган;";
- 1-пункттун экинчи, үчүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарында
"айлык эмгек акынын минималдуу өлчөмдөрү" деген сөздөр "эсептешүү
көрсөткүчүнүн өлчөмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
21-статья боюнча:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Лотерея өткөрүү укугуна уруксат албастан лотереяларды уюштуруу
жана өткөрүү лотереяларды уюштуруучулардан лотереяны өткөрүүдөн түшкөн
пайданын бүткүл суммасын республикалык бюджетке өндүрүүгө, бул лотерея-
ны кийин жок кылуу менен сатуудан алып салууга жана лотереяны уюштуруу-
чуларды, анын ичинде кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык администрациялык жана башка жоопкерчиликке тартууга алып
келет.".
"Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бе-
китүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентяб-
рындагы № 437 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында лотерея-
ларды өткөрүү жөнүндө жобого ылайык мыйзам долбоорунун бүткүл тексти
боюнча "уруксат" деген сөздү "күбөлүк" деген сөзгө алмаштырууну сунуш
кылабыз.
Премьер-министр Ф.Кулов