КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 15-декабры № 860 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 29-майындагы № 1009-III "Жерүй" алтын кенинин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө" токтомун кароо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 422"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 29-майындагы №1009-III "Жерүй" алтын кенинин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө"токтомун кароо тууралуу" токтомун "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуменен "Глобал Голд Холдинг Гмбх" компаниясынын ортосундагы "Жерүй" ал-тын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешип иштөө жөнүндө келишимге ылайыккелтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 422"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 29-майындагы №1009-III "Жерүй" алтын кенинин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө"токтомун кароо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - преамбуласынын он төртүнчү абзацы алып салынсын; - преамбуласынын он сегизинчи абзацындагы ", ошондой эле объектидекурулуш жумуштары башталганга чейин Биргелешкен ишкананын мурдагы кыз-маткерлерине эмгек акыларын төлөө" деген сөздөр алып салынсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жана юридика бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри Ф.Кулов