Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 18-декабры № 861 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 813 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Бир катар чет мамлекеттер менен эки тараптуу макулдашуулардыжүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор мененкамсыз кылуу жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруу-нун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспортторменен камсыздоодогу кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чараларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы N174 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 813 токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 3-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары "Мамлекеттер" дегенсөздөн кийин ", ошондой эле Америка Кошмо Штаттары, Кытай Эл Республи-касы, Монголия жана Малайзия" деген сөздөр менен толукталсын; - 5-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары "Мамлекеттер" дегенсөздөн кийин ", ошондой эле Америка Кошмо Штаттары, Кытай Эл Республи-касы, Монголия жана Малайзия" деген сөздөр менен толукталсын; - 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги. - 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду 2006-жылдын25-декабрынан тартып бере баштасын; - 1994-жылдын үлгүсүндөгү жарандын паспортун 2004-жылдынүлгүсүндөгү жарандын паспортуна (ID-карточка) алмаштыруунун зарылдыгыжөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирсин.". 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары мененбөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министри Ф.Кулов