Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-декабры № 862

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

              Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун

             эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын    Президентинин    милдетин   аткаруучунун

2005-жылдын 27-майындагы  № 195 буйругу менен бекитилген Кыргыз Респуб-

ликасында турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин планынын

2.6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитекту-

ра жана  курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Корея Республикасынын "Ар-

тис-Глобал Ко.Лтд"  курулуш  компаниясы менен Бишкек шаарынын Акунбаев,

Некрасов жана  Коперник көчөлөрүнүн чегиндеги 15-кичирайондун жер учас-

тогунда турак  жай куруу жагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол кой-

гон.

     Долбоордун социалдык-экономикалык  өзгөчө маанисин эске алып, Биш-

кек шаарында  "Жал-Артис" 15-кичирайонду куруу үчүн узак мөөнөттүү ипо-

текалык кредит  берүү  менен ыњгайлуу шарт түзүү максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттик менен Корея Республикасынын "Артис-Гло-

бал Ко.Лтд"  курулуш  компаниясынын  ортосунда түзүлгөн Бишкек шаарынын

Акунбаев, Некрасов  жана Коперник көчөлөрүнүн чегиндеги 15-кичирайондун

жер участогунда  узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүү менен турак жай

куруу жагында кызматташуу жөнүндө келишим жактырылсын.

     2. Бишкек  шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун долбоорлоо жана ку-

руу шаар  куруунун жањы принциптерин, көлөмдүк-пландоочу жана конструк-

циялык чечимдерди,  жањы  курулуш материалдарды жана нерселерди, конст-

рукцияларды жана  жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды инженердик

камсыздоо системасын,  бийик турак үйлөрдү куруу боюнча куруу-монтаждоо

жумуштарын жүргүзүүнүн  прогрессивдүү  технологияларын  киргизүүнү эске

алып "эксперименттик долбоор" деп эсептелсин.

     3. Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонунда 400 (төрт жүз) бир

жана эки бөлмөлүү квартиралар социалдык турак жай болуп белгиленсин.

     4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги соци-

алдык турак жайды куруу үчүн алгачкы взносту жана проценттик ставкалар-

ды субсидиялоо  жана  инвестордун  кредиттик каражаттары боюнча сунушту

2007-жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде

киргизсин.

     5. "Кант цемент-шифер заводу" ачык акционердик коомуна Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июлундагы № 511 "Кыргыз Республи-

касынын ички  рыногун  цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар

жөнүндө" токтомуна  ылайык  Бишкек  шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонун

курууну цемент  менен  жетиштүү көлөмдө өз убагында камсыздоо сунуштал-

сын.

     6. "Түндүк  электр" ачык акционердик коомуна, "Кыргызгаз" ачык ак-

ционердик коомуна  Бишкек шаарында "Жал-Артис" 15-кичирайонундагы турак

жай жана  социалдык-маданий-тирчиликтик объектилерди жылытуу, тамак жа-

соо үчүн  энергия, газ менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо маселелерин че-

чүү сунушталсын.

     7. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-

ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

      Премьер-министри                                     Ф.Кулов