Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-декабры №864

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

       «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ачык акционердик коомунун

            акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө

 

   «Кара-Балта  тоо-кен комбинаты» ачык акционердик  коомунун  (мындан

ары  -  «КТКК»  ААКы)  өндүрүшүн  тез арада  реанимациялоо  жана  ишин

стабилдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1.   Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  мүлктү  башкаруу  боюнча

мамлекеттик   комитети  инвестициялык  конкурста   минималдык   баасын

белгилебестен «КТКК» ААКынын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатсын.

   2.  «КТКК»  ААКыньш акцияларынын мамлекеттик пакетин  сатуу  боюнча

инвестициялык конкурстун төмөнкү шарттары бекитилсин.

   -   «КТКК»   ААКны  инвестордун  сырьё  менен  туруктуу   камсыздоо

мүмкүндүгү;

   - «КТКК»  ААКынын  калдык  сактоочу  жайларын   реабилитациялоонун,

сактоонун,   көмүүнүн,   айлана-чөйрөнү  коргоонун   жана   техникалык

тейлөөнүн,  ошондой  эле технологиялык жабдууларын  модернизациялоонун

финансылык камсыздалган программаларынын болушу;

   -  кен казып алуу тармагында тажрыйбанын жана чалгындоо, казып алуу

жана кенди кайра иштетүүгө адистешкен кадрлардын болушу;

   - туруктуу финансылык жетиштүүлүгү;

   - ишкананы модернизациялоодо, реконструкциялоодо жана радиоактивдүү

калдык сактоочу жайларды утилдештирүүдө каражаттарды инвестициялоо;

   -  «КТКК»  ААКынын  дебитордук  жана кредитордук  карыздарын  жөнгө

салуучу программалардын болушу;

   - социалдык программаларды чечүүгө, анын ичинде Чүй облусунун Жайыл

айылдык кењешиндеги Алексеевка айылынын жашоочуларын ичүүчү суу  менен

камсыздоо маселесин жөнгө салууга катышуу;

   -  экологиялык жагдайды жакшыртуу максатында «КТКК» ААКынын  калдык

сактоочу    жайларын   утилдештирүү   жана   кайра   иштетүү    боюнча

милдеттенмелер;

   - акциялардын мамлекеттик пакети үчүн баа боюнча сунуш.

   3.  Бул  токтомдун  аткарылышын контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министр Аппаратынын отун-энергетнка комплекси, кен казып  алуу

тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

  

   Премьер-министр                                    Ф.Кулов