Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-декабры №865 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоњсарыой айылдык кењешинин жерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери» категориясына трансформациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынаылайык жана Кыргыз Республикасында тиристтик тармактыөнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясынын Жербөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ысыккөлоблусунун Ысыккөл районундагы Чоњсарыой айылдык кењешининаймагындагы жеке менчик укугунда Кыргыз Республикасынынжараны К.И. Ширахуновго таандык 7,0 га сугат айдоосунтуристтик багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн«Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өзгөчөкорголуучу жаратылыштык аймактардьш жерлери» категориясынатрансформациялоо жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттикадминистрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүүөзгөртүүлөрдү киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жайкомплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов