Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2006-жылдын 22-декабры №880
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
«Жергиликтүү Өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык
негиздери жӨнундӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ӨзгӨртүүлӨрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү жӨнүндӨ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пуктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү токтом кылат:
1. «Жергиликтүү Өз алдынча башкаруунуњ финансы-экономикалык не-
гиздери жӨнундӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ӨзгӨртүүлӨрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна тиркелген корутундуга ылайык макулдук берилсин
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенешине
«Жергиликтүү Өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык
негиздери жӨнундӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ӨзгӨртүүлӨрду жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Корутунду
Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары А.К.Келдибеков, А.Т.Абжалиев, И.Т.Гайпкулов
жана У.З.Ормоновдор демилге кылышкан «Жергиликтүү Өз алдынча башка-
руунун финансы-экономикалык негиздери жӨнундӨ» Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына ӨзгӨртүүлӨрду жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республи-
касынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алып,
аны кабыл алууга макулдук берет.
Ошону менен бирге ушул Мыйзам долбоорун талкуулоодо жана кабыл
алууда тӨмӨнкү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алууну сунуш кыла-
быз.
Азыркы учурда мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү Өз
алдынча башкаруу органдарынын ортосунда иш милдеттерди жана ый-
гарым укуктарды так бӨлүштүрүү жок жана эњ негизгиси республи-
канын административдик аймактык түзүлүшүн реформалоо жӨнүндӨ маселе
чечилген эмес.
Ошентип, биринчи кезекте финансылык децентралдаштыруу жӨнүндӨ
маселени чечүү, башкача айтканда бюджеттер аралык мамилелердин үч
дењгээлдүү системасына Өтүүнү ишке ашыруу зарыл деп эсептейбиз.
Ошол эле учурда уюштуруу түзүмүнӨн облус сыяктуу звенолорду чыгарып
салу али эрте деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, республиканын административдик-
аймактык бӨлүнүшүн кайра кароо зарылдыгын эске алып, Кыргыз Рес-
публикасынын ӨкмӨтү облустук түзүмдӨрдү сактооменен үч дењгээлдүү
бюджеттик системага Өтүүнү ишке ашыруу максатка ылайыктуу деп эсеп-
тейт. Бул учурда облустук түзүмдӨрдүн ишмердиктерин каржылоо толук
боюнча республикалык бюджеттен жүргүзүлӨт.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов