Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 25-декабры №882
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине
9-майга карата ар жылкы бир жолку акчалай пособие төлөө жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1996-жылдын 15-апрелиндеги № 170 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын
«Эсептик көрсөткүч жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине 9-майга
карата ар жылкы бир жолку акчалай пособие төлөө жөнүндүө жобону
бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-
апрелиндеги № 170 токтому менен бекитилген Улуу Ата-Мекендик согуштун
жана эмгектин ардагерлерине 9-майга карата ар жылкы бир жолку акчалай
пособие төлөө жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун бүткүл тексти боюнча «минималдуу эмгек акынын» жана «бир
минималдуу эмгек акынын» деген сөздөр тиешелүү түрдө «зсептик
көрсөткүчтүн» жана «бир эсептик көрсөткүчүнүн» деген сөздөргө
алмаштырылсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов