Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2006-жылдын 27-декабры, №886
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ӨзгӨртүү киргизүү
жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын ӨкмӨтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары С.Ш.
Жээнбеков, Ж.У. Иманалиев, А.ТӨлӨнов, А.А. Турсунбаев, М.М.Салым-
беков тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык ко-
дексине ӨзгӨртүү киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ӨзгӨртүү
киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн
Корутундусу
Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары С.Ш. Жээнбеков, Ж.У. Иманалиев, А. ТӨлӨнов,
А.А. Турсунбаев, М.М. Салымбеков тарабынан демилге кылынган «Кыргыз
Республикасынын Салык кодексине ӨзгӨртүү киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана жана Кыргыз Республи-
касынын Конституциясынын 65- статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алып
тӨмӨнкүдӨй негиздер боюнча аны кабыл алуу максатка ылайыксыз деп
эсептейт.
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ӨзгӨртүүлӨрдү жана толук-
тоолорду киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын 2006 - жылдын
1-февралындагы № 32 Мыйзамына ылайык жеке адамдардан алынуучу киреше
салыгынын бирдиктүү ставкасы азайтылган жана 10 процент ӨлчӨмүндӨ бел-
гиленген; пайдадан алынуучу салык ставкасы 20дан 10 процентке
чейин тӨмӨндӨтүлгӨн; айыл чарба ӨндүрүүчүлӨрү тарабынан чыгарылган
Өздүк продукцияны жеткирүүгӨ жана айрым жергиликтүү салыктарга КНС
жоюлган.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ӨзгӨртүүлӨрдү
киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 3-июнундагы
№ 89 Мыйзамына ылайык КНС тӨлӨӨчүлӨр үчүн негизги Өндүрүштүк
каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгӨ КНС тӨлӨӨдӨн,
ал эми айыл чарба ӨндурүүчүлӨрү үчүн-каттоо фактысына карабастан КНС
тӨлӨӨчү катары бошотулган.
Ошентип, азыркы учурда Кыргыз Республикасында жет.ишээрлик жагымдуу
салык режими түзүлгӨн, ӨзгӨчӨ айыл чарба ӨндүрүүчүлӨрү үчүн.
Мында жогоруда аталган компенсациялоочу иш-чаралар катары айрым
салык түрлӨрү боюнча ставкалар, анын ичинде транспорт каражаттарынын
ээлеринен салыктын ставкасы - үч эсе кӨбӨйтүлгӨн. 2006-жылдын январь-
октябры үчүн транспорт каражаттарынын ээлеринен салык боюнча түшүүлӨр
125,5 млн. сомду түзгӨнүн же ӨткӨн жылдын (40,2 млн. сом) ушундай
мезгилине салыштырмалуу үч эседен кӨбүрӨӨк ӨскӨнүн оелгилеп кетүү
керек. Ушундан улам «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ӨзгӨртүү
киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган дол-
боорун кабыл алуу бюджеттин киреше бӨлүгүнүн жоготууларына алып
келет.
Мындан тышкары, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Салык кодек-
синде каралгандардан башка дагы кошумча жењилдиктерди берүү Кыргыз
Республикасынын Салык саясатын ӨркүндӨтүү концепциясына(Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-
июнундагы № 410-П токтому жана Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн
2001 - жылдын 29-майындагы № 255 токтому менен бекитилген) карама
каршы келет. Салык тӨлӨӨчүлӨрдүн айрым категориялары үчүн жекече
салыктык жењилдиктерди берүү максатында салык мыйзамдарына тез-тез
ӨзгӨртүү киргизүү салык системасынын туруктуулугун үзгүлтүккӨ
учуратуу менен аны администрациялоодо кыйынчылыктарды түзӨт жана салык
түзүмүнүн бүтүндүүлүгүн бузат, ал эми салык оорчулугу бир салык тӨлӨӨ-
чүлӨр тобунан башкага Өтүп -салыктык жењилдиктер системасы экономика-
нын тармактарынын ортосунда салык оорчулугун тењ эмес бӨлүштүрүүнү
күчӨтӨт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өк-
мӨтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин бул долбоорун кабыл алуу
максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов