Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-декабры №887
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13 мартындагы
№ 154 «Кадр маселелери боюнча нормативдик документтерди бекитүү
жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13 мартындагы № 154
«Кадр маселелери боюнча нормативдик документтерди бекитүү жөнүндө»
токтому менен бекитилген дайындоо, бекитүү (бошотуу) Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен жүзөгө ашырылуучу
кызматтардын номенклатурасынын 1 бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүү
киргизилсин:
- «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги» деген бөлүмчө
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
_____________________________________________________________________
|Кыргыз | | |
|Республикасынын Ички | | |
|иштер министрлиги | | |
|_________________________|_____________________|____________________|
|Министрдин биринчи | 1 | |
|орун басары | | |
|_________________________|_____________________|____________________|
|Министрдин орун | 2 | |
|басары | | |
|_________________________|_____________________|____________________|
|Коллегия мүчөлөрү(**) | 7 | |
|_________________________|_____________________|____________________|
|Департаменттердин | 11 | |
|жана аймактык | | |
|(облустардын, Бишкек | | |
|жана Ош | | |
|шаарларынын) ички | | |
|иштер | | |
|башкармалыктарынын | | |
|начальниктери | | |
|_________________________|_____________________|____________________|
|Уюшкан | 1 | |
|кылмыштуулукка каршы | | |
|күрөшүү боюнча башкы | | |
|башкармалыктын | | |
|начальниги | | |
|_________________________|_____________________|____________________|»;
- «Кызмат орундарынын бардыгы» деген позициядагы «294» цифрасы
«309» цифрасы менен алмаштырылсын.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов