Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-декабры №890
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн
мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин
планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чаралар комплексин жана Кыргыз Республикасында
2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү
боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
28-февралындагы № 132 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларындагы бирин-бири
кайталоочу жоболорду болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
«Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик
стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин жана Кыргыз
Республикасында 2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча
мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 132 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында
коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга
карата иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чаралар комплексинде:
- 4-пункттун "Аткаруучулар" графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик (макулдашуу
боюнча), Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, ФПК, Адилетмин";
- 20-пункттун "Аткаруу мөөнөтү" жана "Аткаруучулар" графалары
тиешелүү түрдө төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2007-жылдын 3-кварталы" жана "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча
агенттик (макулдашуу боюнча), министрликтер, мамкомитеттер жана
администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар";
-11,14 жана 25-пункттар күчүн жоготуу деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында
2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик
программадагы «Уюштуруу иш-чаралары» деген 1-бөлүмүнүн 3-пункту күчүн
жоготту деп табылсын.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов