Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-декабры № 891 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө Билим берүү секторунда кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун бирдиктүүмамлекеттик саясатын жүргүзүү жана мамлекеттик финансылык ресурстардынатыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун тиркелген ортомөөнөттүү стратегиясы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги: - ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасындабилим берүүгө чыгымдарды каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясын ишкеашыруу боюнча иш-чаралардын толук планын иштеп чыксын жана Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мененбирдикте 2007-жылы Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун ор-то мөөнөттүү стратегиясынын негизги жоболоруна ылайык билим берүү меке-мелерин программалык негизде жана жан башына каржылоодо билим берүүгөчыгымдар боюнча мамлекеттик бюджетти түзүү үчүн мыйзамдык базаны даяр-дасын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов