Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 29-декабры №897 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150 «Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 194-6 буйругу менен бекитилген Тамекибуюмдарына орточо базар баасын ай сайын аныктоо жанамониторингдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянынчечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1 -апрелиндеги № 150 «Акциздик товарлардын айрым түрлөрүнөакциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө» токтомунунтиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилсин: - IV категориядагы «Кыргыз базарындагы сигареттердинмаркалары» графасынан «West Full Flavor/Lights/ Меdium»,«Роlо Lights Slims», «Роlо Меntol Slims» деген сөздөр алыпсалынсын; - III категориядагы «Кыргыз базарындагы сигареттердинмаркалары» графасы «ММ Slims Сlassic» деген сөздөрдөн кийин«West Full Flavor / Lights/ Меdium, Роlо Lights Slims, РоlоМеntol Slims, Ibiza Full Flavor / Lights/ Super / Lights/Меntol, More Full Flavor / Lights/ Super / LightsМеntol» деген сөздөр менен толукталсын; - II категориядагы «Кыргыз базарындагы сигареттердинмаркалары» графасы «Сlassic Full Flavor / Lights» дегенсөздөрдөн кийин «Аrmada Full Flavor / Lights/ Super /Lights/ Меntol» деген сөздөр менен толукталсын; - V категориядагы «Кыргыз базарындагы сигареттердинмаркалары» графасы «Global International Premium quality»деген сөздөрдөн кийин «Sakura Full Flavor / Lights/ Super /Lights/ Меntol, 21 век Легкие № 5/ Ультра/ Super Slims»деген сөздөр менен толукталсын. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарындажарыялансын. 3. Бул токтом расмий түрдө жарыялангандан он беш күнөткөндөн кийин күчүнө кирет. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов