Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 29-декабры №900
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде
окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде
окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп
дайындалсын.
4. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде
окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
28-декабрындагы № 623 токтому менен жиберилген "Кыргыз Республикасынын
жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.
5. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде
окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
28-декабрындагы № 623 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов