Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-декабры №905 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ош шаарынын Жапалак айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Ош шаарынын Жапалак айылдык кењешинин тургундарынынсоциалдык муктаждыктарын чечүү максатында, КыргызРеспубликасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ош шаарынын мэриясынын Жер бөлүп берүү мененбайланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия мененмакулдашылган, Ош шаарынын Жапалак айылдык кењешинин калктууконуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарба жерлеринкайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 30,0 га кайрак айдоосунберүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарбабагытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардынжерлери» категориясына которулсун. 3. Ош шаарынын мэриясы: - бөлүнгөн жер участкаларына жалпы пайдалануудагыавтожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта зарылинфраструктура жана инженердик коммуникацияларды камсызкылууну эске алуу менен курулуш курууга долбоордубелгиленген тартипте иштеп чыксын; - жер участкаларына укук берүүнү Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте шаар куруу документтеринбекиткенден кийин жүргүзсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүүөзгөртүүлөрдү киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жайкомплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов