Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-декабры №906 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун калктуу конуштарынын аймактарьш кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө 2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Ош облусунунӨзгөн районунун Өзгөн шаарында Дөњбулак айыл өкмөтүнүн турак жайшарттарын жакшыртууга муктаж 2500дөн ашуун үй-бүлө, анын ичиненКарадарыянын суусу жеп кетип жаткан жээк тилкесинде тургандар жеручасткаларын алууга катталган. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун тургундарынынсоциалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жеркодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттикадминистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ошоблусунун Өзгөн районүнун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүүүчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 35,5 га жерин, аныничинен 19,0 га сугат айдоосун жана 12,9 га кайрак айдоосун, 3,6 га көпжылдык өсүмдүктөр баскан жерин берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын,анын ичинде: - Дөњбулак айылдык кењешинин - 10,0 га сугат айдоосу, 12,9 гакайрак айдоосу жана 3,6 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жери, аныничинен төмөнкүлөрдүн тургундары үчүн: Өзгөн шаарынын - 18,6 га; Дөњбулак айылдык кењешинин - 7,9 га; - Өзгөн шаарынын тургундары үчүн Башдөбө айылдык кењешинин -9,0 гасугат айдоосу. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарбабагытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттикадминистрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин; - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпыпайдалануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, социалдык-маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик коммуникациялардыжайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга пландоочу жана жумушчудокументтерди иштеп чыксын; - шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча каржылоо маселелеринчечсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов