Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-декабры №903 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигининоргандарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каржылоону тартипкесалуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагыКыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигинжана болушун камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: - преамбуладагы «Я.Е.Фишер жөнүндө» деген сөздөр, «1994-жылдын 9-декабрындагы» деген сандар жана сөздөр тиешелүү түрдө «Ч.Ибраимоважөнүндө» деген сөздөргө, «2004-жылдын 7-майындагы № 158» дегенсандарга жана сөздөргө алмаштырылсын; - 2-пункттагы «Көз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигининАткаруу комитети бул кызмат орду үчүн белгилеген кошумча акчалайкаржылоо шарты менен» деген сөздөр алып салынсын; - 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи - төртүнчү абзац менентолукталсын: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги: - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешининалдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда КыргызРеспубликасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө эсептелген 2004-2006-жылдарүчүн 30477 сом суммасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнчамилдеттүү камсыздандыруу взносторун Кыргыз Республикасынын Социалдыкфондуна которсун; - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешининалдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда КыргызРеспубликасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чыгашалар сметасындамамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруувзносторун 2007-жылдан тартып карасын.»; 5-пунктта: «Р.О.Качкеевге» жана «Кыргыз Республикасынын ЛатвияРеспубликасындагы жана Литва Республикасындагы Атайын жана Толукукуктуу Элчисинин» деген сөздөр алып салынсын; «50» деген сан «30» деген санга алмаштырылсын; пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдыкоргандарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүжана Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жанаЫйгарым укуктуу Элчиси Л.А. Иманалиевага кызматтарды айкаштырыпиштегендиги үчүн кызматтык маянасына анын бул кызматка дайындалганкүнүнөн тартып 30 процент өлчөмүндө үстөк төлөнсүн.»; - 6 жана 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы КыргызРеспубликасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин алдындагыЭкономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасыныныйгарым укуктуу өкүлүн кармоо үчүн жыл сайын чыгашалар сметасынбекитсин. 7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги: - аталган чыгашаларды каржылоону «Эл аралык уюмдарга взностор»статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининМинск шаарындагы (Беларусь Республикасы) жана Москва шаарындагы(Россия Федерациясы) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өзүнчө ачылган алыш-бериш эсептери аркылуу жүргүзсүн; - аларды кармоо үчүн каражаттарды дайыма которуп турууну камсызкылсын. 8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдыкоргандарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүжана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешининалдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда КыргызРеспубликасынын ыйгарым укуктуу өкүлү жыл сайын 1-апрелге каратаКыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине өткөн жылүчүн чыгашалар сметасынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турушсун.»; - жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде «90» деген сан «555»деген санга алмаштырылсын. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов