Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-январы №2
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү, "Мамлекеттик
сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык
кызматтарды сатып алууга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды
сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында аныкталган сатып алуучу уюмдар товарларды, жумуштарды,
кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды мамлекеттик
сатып алууларды жүргүзүүдө:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 13-статьясына ылайык ар бир тендерди жүргүзүүдө өзүнчө
тендердик комиссия түзүшсүн;
- тендердик комиссиянын курамына мамлекеттик сатып алуулардын жол-
жоболору боюнча окуудан өткөн жана тастыктоочу сертификаты бар адисти
киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги Кыргыз
Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджетинин чектеринде
бюджеттик мекемелер мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерди окутуу
үчүн 2,8 млн. сом суммасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча
мамлекеттик агенттикти максаттуу каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- сатып алууларды ишке ашырууда сатып алуучу уюмдарга колдоо
көрсөтүү үчүн Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин курамынан топ
түзсүн;
- товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана
консультациялык кызматтарды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө
бардык сатып алуучу уюмдар милдеттүү колдонушу үчүн нормативдик
укуктук актылар, стандарттык тендердик документтер менен сатып алуучу
уюмдарды камсыз кылсын;
- сатып алуучу уюмдар тарабынан түзүлүүчү тендердик комиссиялардын
мүчөлөрү үчүн дайыма тренинг өткөрсүн;
- сатып алуулар бөлүмдөрүнүн аталыштарын жана сертификацияланган
адистерин жеке маалыматтарын көрсөтүү менен сатып алуучу уюмдардын
реестрин түзсүн.
4. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамдын жоболорун, мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул
токтомду аткаруу жана сактоо үчүн жекече жоопкерчилик сатып алуучу
уюмдардын биринчи жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экномикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке
жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов