Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 11-январы № 9 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Башдөбө айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө 2006-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Ош облусунунӨзгөн районунун Башдөбө айыл өкмөтүнүн турак жай шарттарын жакшыртуугамуктаж 200дөн ашуун үй-бүлө, анын ичинен Карадарыя суусунун жээк тилке-синде тургандар жер участкаларын алууга катталган. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Башдөбө айыл-дык кењешинин тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөнрайонунун Башдөбө айылдык кењешинин калктуу конуштарынын аймактарынкењейтүү үчүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 16,0 га же-рин, анын ичинен 13,0 га сугат айдоосун жана 3,0 га кайрак айдоосунберүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде: - Кењеш айылына - 3,0 га сугат айдоосу; - Кызылкырман айылына - 4,0 га сугат айдоосу; - Кошкоргон айылына - 6,0 га сугат жана 3,0 га кайрак айдоосу. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынакоторулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы пайда-лануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, социалдык-мада-ний арналыштагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды жайгашты-рууну эске алуу менен курулуш курууга пландоочу жана жумушчу документ-терди иштеп чыксын; - жер участокторуна укуктарды берүүнү шаар курулуш документтерибекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте ишке ашырсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов