Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 10-январы №5
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»,
«Банктык сыр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын
Граждандык кодексинин I жана II бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү
жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы
оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыймылсыз мүлккө жана аны
менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү
тууралуу», «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду
киргизүү тууралуу», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу»,
«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз
Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик тууралуу
кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзам долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республлкасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык жана
Кыргыз Республикасынын «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясын аткаруу үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Банктык сыр
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз
Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүгүнө толуктоолорду
киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок
иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү
тууралуу», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө
укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасында
камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу»,
«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын
Администрациялык жоопкерчилик тууралуу кодексине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна макулдук
берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы
(макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорлор Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министридин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов