Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 25-январы N 22
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы N 14, 2010-жылдын 6-сентябрындагы N 190, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан түзүлгөн Ош мамлекеттик юридикалык институтун калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана "Юриспруденция" багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүү программаларын ал тарабынан ийгиликтүү ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Ош мамлекеттик юридикалык институтунун балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ош шаары, Салиева көчөсү, 40 "В" дарегинде жайгашкан Түштүк региондук институтунун имаратын;
- Ош мамлекеттик университетинин Ош шаары, Раззаков проспекти, 19 дарегинде жайгашкан юридикалык факультетинин имаратын;
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаары, Салиева көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан Ош филиалынын имаратын.
2. Ош мамлекеттик юридикалык институтуна өздүк каражаттарынын эсебинен институттун өндүрүштүк-чарбалык муктаждыктары үчүн кызматтык автотранспорттун санынын белгиленген лимитинин чегинде эки автотранспорт сатып алууга уруксат берилсин.
3. Кызматтык автотранспортторду сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 618 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомунда белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу | Ф.Кулов |