Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 31-январы №24 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жер жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсызмүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктинжамаатынын сунушун жана жер реформасын жүргүзүүдө, кыймылсызмүлккө укуктарды каттоонун улуттук системасын түзүүдө, жержана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүдө жана картография,геодезия боюнча иштерди жүргүзүүдө жер жайгаштыруу,кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картографиякызматкерлеринин салымын эске алуу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 22-февраль жыл сайын белгиленүүчү КыргызРеспубликасынын жер жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктардыкаттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүболуп белгиленсин. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Премьер-министр А.Исабеков