Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-февралы №31 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июнундагы № 450 "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын «Терроризмге каршы аракеттенүүжөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынынмамлекеттик чек арасын Кыргыз Республикасынын аймагынатеррористтердин киришинен коргоо жана кайтаруу максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-июнундагы № 450 «Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматыжөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобоготөмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 9-пунктунун 9.4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтарменен толукталсын: «Террористтердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чекарасынан өтүүгө аракеттерин, ошондой эле террористтикмүнөздөгү кылмыштарды жасоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгонжарылгыч, ууландыруучу, наркотик жана психотроптук заттарды,радиоактивдүү, химиялык жана бактериологиялык материалдарды,куралдарды, ок-дарыларды, мүлктөрдү жана башка предметтердиКыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуумыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу, аныктоо жана токтотуубоюнча чараларды көрүү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында, чек аражанындагы тилкеде жана чек ара зонасында өз алдынча жеКыргыз Республикасынын терроризмге бөгөт коюучу башкамамлекеттик органдары менен бирдикте террористтерди жетеррористтик топторду аныктоо, кармоо жана жок кылуу.». 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуужана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө тапшырылсын. Премьер-министр А.Исабеков