Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-февралы №34 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «2005-жылдын 10-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин керектөөлөрү үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарында имараттар менен жер участокторун акысыз пайдаланууга өз ара берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «2005-жылдын 10-августунда Бишкек шаарында кол коюлган КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы Кыргыз Республикасынын Казакстан РеспубликасындагыЭлчилигинин жана Казакстан Республикасынын Кыргыз РеспубликасындагыЭлчилигинин керектөөлөрү үчүн Бишкек шаарында жана Астана шаарындаимараттар менен жер участокторун акысыз пайдаланууга өз ара берүүжөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынынмыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзамдолбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын. Премьер-министр А.Исабеков